www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда атасы тирүү учурда эч ким сакал койгон эмес. Азыр жаш-карысы дебей төрт кыл сакалы болсо да коюп алышат. Сакал койгон соң калпак кийип, жакшынакай кийинүү керек. Сакалдын да өзүнүн касиети бар. Бул тууралуу кинорежиссёр, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асанкожо Айтикеев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Учурда коомдо сакал темасы абдан олуттуу маселе. Өткөндө бир жигитти көрдүм, бетинин баары сакал. Биздин ата-бабаларыбыз андай сакал койгон эмес. Ал эми сакал койгон соң, ошого ылайык кийинүү абзел. Чубалтып сакал коюп, түшүнүксүз жазуулары бар футболка, шорты кийип алышат. Мен өзүм чыгарган төрт сап ырды мисал келтире кетсем:

Бала кезден чал болгон сакалчандар көбөйдү, 

Кыргыз кийимин кийбеген дамбалчандар көбөйдү.

Айдай бетин чүмкөгөн жоолукчандар көбөйдү,

Алла түшпөй оозунан оолуккандар көбөйдү. 

Маданият мына ушул кийген кийимиңен, турган турпатыңан башталат. Мына биз тарткан тасмаларды көбүрөөк көрсөтсө. Мен өз эмгектеримде кантип туура сүйлөө керек, кантип коомдо өзүн туура алып жүрүү керек деген сыяктуу жашоонун жөнөкөй эрежелерин көргөзгөнгө аракет кылам", - дейт Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости