www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибандын көздөгөнү Кабулда кайрадан бийликти алуу. Мындай пикирди коомдук ишмер, Дин иштери боюнча мамлекттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиев билдирди. 

--"Талибандын көздөгөнү Кабулда кайрадан бийликти алуу. 1996-жылы бийликке келип, алар биз Эмираттай кылабыз, Ислам мамлекетин курабыз дегенде Сауд Аравия, Пакистан, Бириккен Араб Эмираты гана тааныды. Башка мамлекеттер тааныган жок.

Себеби булардын советтик түзүлүшкө жакындыгы болгон жок. Диний негиздеги мамлекет болуп, аялдардын укугун чектеп, окуусуна тыюу салып, иштебегиле деп абдан радикалдуу кадамдар менен аракеттерин башташты. Ошондон улам тышкы мамлекеттер булардан абдан этияттап, тааныбай койду.

Кулагандарынын себеби-көрүнгөн жерде качып жүрүп, Усама бен Ладен Ооганстанга келди. 2001-жылы сентябрда АКШда террордук чабул болгондо алар муну Усама бен Ладен жасады, аны бизге өткөрүп бергиле деп талап койду. Бизде жок, анда жок деген жооптор болду. Ошондон көп өтпөй эле 7-октябрда антитеррористтик операция башталды. Ошондогу чоң чабуулдарда аль-каида дагы, талибан дагы аскердик күчүнөн тайыды", - дейт Молдалиев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости