www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозо кармоо аркылуу кандай оорулардан арылса болот?

Орозо – организмдин табигий табыбы

Орозо – табигий табып десек болот. Орозо учурунда организм уулуу заттар, шлак, туздар жана башка таштандыдан тазалана баштайт. Себеби сырттан келип жаткан азык заттар түгөнгөндө, организм өзүн сакташ үчүн ички элементтер менен азыктана алат.

Ички элементтер деген эмне? Шлактар, туздар, радикалдык элементтер, вирус жана микробдор.

Булар организмибиз үчүн жакшы азык болуп, ал тарабынан жеп жоголот. Андан тышкары, узак убакыт ачка болгондо тамакты сиңирүүгө кетип жаткан энергия клеткаларды тазалоого сарпталат: адамдын заарасы, тери, деми аркылуу жылдап денебизге толуп калган кирлер чыга баштайт. Орозо учурунда 1 литр заарадан 90 гр кир, дем аркылуу 150 гр уулуу заттардын түрү чыгат.

Адам эмнеге ооруйт?

Организм кир жана шлакка толуп калгандан ооруйт. Далилденген илимий факт боюнча оорулардын 99 пайызын орозо кармап, денеден шлактарды чыгаруу аркылуу жеңсе болот экен. Орозо учурунда организмдин функциясы өзгөрүп, тээ тереңде уктап жаткан механизмдер ойгонуп, дене жаңыча иштей баштайт.

Орозонун медициналык мааниси – организм сырттан тамак-аш албаганда, өзүнүн ичиндеги заттар менен азыктанууга өтүшү. Бул организмдин өзүн-өзү тазалоосу.

Орозо – ар кандай ооруларды айыктырат

Орто эсеп менен алганда, 40 жаштагы кишинин организминин 1/3 бөлүгү шлакка, тузга жана майга толгон.

Шлак жана майлар дененин “стратегиялык мааниге ээ” органдарынан (мээ, жүрөк, кан тамыр) алысыраак жерлерине биринчи чогулат. Эркектерде курсак, аялдарда жамбаш жана бел жактары.

Туздар болсо сөөк бириккен жерлерге туруп калып, остеохондроз оорусун пайда кылат. Кийин шлактар толуп калып, организмдин стратегиялык жерлерине да келе баштайт: кан тамырлар кирге бүтөлүп атеросклероз болот.

Жүрөк кан тамыр системасынын иштеши бузулуп, стенокардия жана инсультка алып келет. Организмдин интоксикациясы (уулуу заттарга толуп кетиши) рак ооруларынын бирден-бир себеби.

Организми шлакка толгон кишини “оорулуу” деп айта албайсың, бирок “дени сак” деп да айтыш кыйын. Бирок бул адамдардын иммунитети алсыз келип, суук тийүүгө, грипп жана башка ооруларга тез-тез чалдыгып турушат. Денени уулуу заттардан тазалоонун бирден-бир табигий методу – орозо кармоо. Орозо кармоо аркылуу кандай илдет, оорулардан арылса болот?

· Семирүү – жер шарынын 1/3 бөлүгү жапа чеккен оору.

· Гастрит, ашказан жарасы. Калктын 50%ы бул илдетке чалдыккан (ич ооруйт, тил агарат, ооздон жагымсыз жыттар келе баштайт).

· Кант диабети.

· Жүрөк кан тамыр оорулары (инсульт, инфаркт ж.б.).

· Кан тамырлардын атеросклерозу.

· Депрессия, стресс.

· Аллергия, бронхиалдык астма, тери оорулары (псориаз, нейродермит, экзема), ар кандай инфекциялар.

· Тукумсуздук.

· Рак оорусунун желөөрчүлөрү (мастопатия, миома, эндометриоз).

Жыйынтыктап айтканда, орозо адамды жашартат, эрте карылыктан сактайт. Мындан тышкары, ашыкча тамак, дарыдармекке кеткен чыгымдардан да сактайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости