www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Грэмми» музыкалык сыйлыгын тапшыруунун 64-аземинде Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин видео кайрылуусу көрсөтүлдү. Бул тууралуу ТАСС иш-чаранын трансляциясына таянуу менен билдирди.

Зеленскийдин видеосун Улуттук үн жазуу искусствосу жана илимдер академиясы коомчулукка көрсөттү. Украин президенти өз сөзүндө залда отургандарды Украинаны кандай жол менен болбосун колдоого жана унчукпоого чакырды. Мамлекет башчынын видео кайрылуусунан кийин ырчы Жон Ледженд украиналык артисттер менен бирге концерт койду.

Буга чейин 64-азем Лас-Вегаста өткөнү маалымдалган. Коронавирустук пандемия башталгандан бери салатанат биринчи жолу толук форматта өткөрүлдү. Америкалык ырчы Оливия Родриго «Эң мыкты жаңы аткаруучу» номинациясында жеңишке жетти. Рэп-дуэт Silk Sonic (Бруно Марс жана Андерсон Паак) Leave The Door Open менен «Жылдын ыры» наамын алышты.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости