www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыларын билдирди.

Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат.

Энергохолдингдин маалымат катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киргизилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Бул арада суу сактагычтарда суунун көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз.

«Дал ушул себептен Душанбе-2 жылуулук электр борбору жашоочуларды электр энергиясы менен камсыздоо үчүн жылуу маалда да ишин улантат»» - деп белгиледи Ёдгори.

Тажикстанда кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгы курч маселе бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости