www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров 1-апрелде өлкөнүн мусулмандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Он эки айдын султаны" деп аталган бул айда Жараткан мээримин чачып, кечиримдүүлүктүн эшиктери ачылып, жакшы тилектер эселенип кабыл болору айтылат. Демек, бул айда адамдардын бири-бирине болгон урмат-сыйын бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүк жаралат. Орозо жан дүйнөнү руханий жактан тарбиялап, адамдарды ырайымдуулукка, сабырдуулукка жана адептүүлүккө үйрөтөт. Ошондуктан улуу айдын урматына Жараткандан дүйнө жүзүндө болуп жаткан саясий-экономикалык каатчылык маалында жалпы адамзат баласына кечиримдүүлүктү жана мээримдүүлүктү тилейли", — деген Жапаров.

Бүткүл дүйнөдөгү мусулмандар үчүн өзгөчө ай болуп саналган Орозо айы акыркы эки жылда белгилүү чектөөлөр менен өтүп келгенин эске салган.

Кыргызстандыктардын мекенине болгон сүйүүсү бекемделе берсин деген да тилегин айткан. "Эзелтен эле кыргыз калкыбыздын улууну урматта, кичүүнү ызаатта деп чакырык салган каада-салтын бүгүнкү муун дагы кынтыксыз улантып кетерине ишенем. Бабалардан калган кааданы улап, ата салтына уюп келе жаткан мекендештерибиз бири-бирин кечирип, бири-бирине болгон ымаласын арттырып, мекенге болгон сүйүүсү бекемделе берсин. Колу ачык, март жарандарыбыз калктын муктаждыктарын чечип, ажатын ачып, кайрымдуулук иштерине себепкер боло беришине тилектешмин. Орозонун касиети ар бир үйгө береке-кут, бакубат турмуш тартууласын! Отуз күн орозо тутуп, жан дүйнө тазартам деген изги тилектериңиздер кабыл болсун", — деген президент.

Кыргызстанда эртең, 2-апрелден тарта, Орозо айы башталат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости