www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ӨКМдин маалымат кызматы Өрттү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысы Равшанбек Аширбековго таянуу менен жыл башынан бери өрт кырсыгынан 102 адам куткарылып, 4 миллиард сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталып калгандыгын билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө соңку 10 айдын аралыгында 2 045 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза таап, 23ү жабыркаган.“Өздүк курамдын аракети менен тилсиз жоодон 102 адам куткарылып, 4 миллиард 586 миллион 564 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1 299 өрт турак жайларда чыгып, тилсиз жоонун жалпы санынын 63,5 пайызын түзгөн”, — деди Аширбеков.

Ал эми былтыркыга салыштырмалуу өрттүн саны 38,9 пайызга азайганы айтылат. 2019-жылы 10 ай ичинде 3 349 өрт катталган болчу.

Ошондой эле ӨКМ кыш мезгилиндеги өрттүн чыгышын алдын алуу үчүн төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоо зарылдыгын эскертет:

  1. бузук меш жана морлорду колдонбогула;
  2. меш, морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;
  3. бузук электр орнотмолорун (розетка, вилка, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  4. колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;
  5. күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
  6. балдарды кароосуз калтырбагыла;
  7. күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларды, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  8. электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын койбогула.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости