www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын диянет фондунун Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте курдурткан Орто Азиянын эң чоң мечити жана комплексинин курулушу бүткөрүлдү. Курулушу 2012- жылы башталган мечит жана комплекс осмондук архитектурага ылайык түрдө курулду.

Борбор шаардын чыгышында 35 гектарга жакын аятка курулган мечит 7 миң 500 метр квадраттык жабык аянтка ээ. Мечиттин жабык аянттарында жана короосунда бир эле учурда 20 миң киши намаз окуй алат.

Мечиттин 500 унаалык автопаркы, Куран курстары, конференция залы, ашкана, шадырбан жана башкаруу имараттары сыяктуу бир топ өзгөчөлүгү менен Анкарадагы Кожатепе мечитин эске салууда.

Курулуштун шефи Муса Демиржи Түрк диянет фонду тарабынан курдуртулган мечиттин курулушун бүткөрүлгөндүгүн белгилеп : «Азыркы учурда тазалык иштерин аткарып жатабыз. Андан кийин тегерегин иретке салабыз»,- деди. Демиржи мечитке келгендерди ичкери киргенде ички диаметри 23 метр, тышкы диаметри 25 метр болгон чоң куполдун тосуп алгандыгын айтты.

Демиржи Мечиттин ар бири 70 метр бийиктикте, төрт мунаралуу экендигин белгиледи. Өткөн жылдан бери  мечиттин курулушунда милдеттүү экендигин айткан Демиржи : «Мечит курулушунда иштегендердин 70 пайызы кыргыз боордошторубуздан турат. Жергиликтүүлөрдү жумуш менен камсыз кылууга маани берилди»,- деди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости