www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат.

Бишкекте 24-октябрда “Орто азиялык романсиада” орус романсын аткаруучуларынын VIII эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу Русский дом борборунан билдиришти.

Иш-чара XXVIII эл аралык "Романсиада-2024" конкурсунун программасына киргизилген. “Орто азия романсиадасынын” жеңүүчүлөрү декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат.

Сынакка көркөм өнөр окуу жайларынын, музыкалык мектептердин окуучулары жана Борбор Азиядагы орус романстарынын 6 жаштан 35 жашка чейинки сүйүүчүлөрү катыша алат. Арыздарды [email protected] электрондук почтасына “Орто азиялык романсиада” жазуусу менен 17-октябрга чейин жөнөтүү зарыл.

Конкурс тууралуу кенен маалымат бул шилтемеде https://disk.yandex.ru/d/ghbFRftgd8qhow жазылган. Катышуу акысыз.

Иш-чаранын уюштуруучулары: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Бишкектеги Русский дом, Маданий жана гуманитардык демилгелердин фонду, “Русский мир” фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын колдоосу менен “Романсиада” кайрымдуулук фонду.

 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости