www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел жүрүү жана таш кулоо кооптуулугу бар аймактардын тизмеси

Министрлик ары-бери каттагандарды этияттап жүрүүгө, кырсык болсо 112 кызматына билдирүүнү эскертти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүп, таш кулашы ыктымал деген жерлердин тизмесин жарыялады.

Маалыматка ылайык, 30-31-июлда жер-жерлерде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгыр суу каптоо коркунучун жаратышы ыктымал.

Төмөнкү аймактарда сел жүрүшү ыктымал:

Баткен: Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору;

Жалал-Абад: Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Торо;

Ош: Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн, Араван жана Кара-Суу;

Ысык-Көл: Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң;

Чүй: Жайыл, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин;

Нарын: Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор;

Талас: Кара-Буура, Бакай-Ата, Манас жана Талас.

Таш кулашы мүмкүн делген жолдор:

Бишкек — Ош жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133 чакырымдарында;

Бишкек — Балыкчы (Боом капчыгайы) жолунун 112-128-чакырымдарында;

Балыкчы — Бөкөнбаев жолунун 64-117-чакырымында;

Талды-Суу — Арал жолунун 4-5-чакырымында;

Ош — Исфана жолунун 64-78, 125-138, 149-190 чакырымдарында;

Мырзаке — Кара-Шоро жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымында;

Кербен — Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 2-4, 12-13, 22-24- чакырымында.

Министрлик ары-бери каттагандарды этияттап жүрүүгө, кырсык болсо 112 кызматына билдирүүнү эскертти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости