www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында дагы ГЭСтер курулары мерчемделүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаро 21-майда, Талас облусунда жайгашкан Бала-Саруу ГЭСин ишке киргизип жатып билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, энергетика тармагында ГЭСтерди куруу боюнча иштер токтоп калбайт.

Министрликтин алдында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган көптөгөн милдеттер турат.

“Келечекте ушул сыяктуу долбоорлорду Орто-Токой жана Папан суу сактагычтарында ишке ашырууну мерчемдеп жатабыз. Буюрса, тиешелүү келишимдерге кол коюлуп, жакын арада бул объектилерде жаңы ГЭСтер курула баштайт”, — деп белгиледи президент.

Последние новости