www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарыбыздын кайрылууларын түз кабыл алуу үчүн күнү-түнү байланышта болгон (0777) 102-102 “WhatsApp” номурун ишке киргизди.

Мындан ары жарандарыбыз көчөлөрдөгү унаалардын туура эмес жерлерге токтотуп койгон учурларын, жол тыгындарын, жол кырсыктарын мас айдоочуларды жана башка жол эрежелерин бузуу фактыларын көргөн учурда, түз ушул номурга сүрөт жана видео тасмага тартып, жөнөтүп койсо болот.

«Жарандарыбыздын жөнөткөн кайрылууларын кызматкерлер жеринен карап чыгып, тийиштүү чараларды көрөт. Бул көрүнүш жарандарыбызга тейлөө кызматын жакшыртып, эл менен милиция кызматкерлеринин тыгыз мамилесин арттырып, коомубузду тартипке салууга жакшы шарт түзөт», — дейт кайгуул кызматы.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости