www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча «Кыргызстан» партиясы түшүндүрмө берди.

Эскерте кетсек, Канат Исаев ортоңку манжасын көргөздү делген видео тараган. Муну партия лидери өзү төгүндөдү.

“Калп маалымат тарап жатат. Унаадагы бала жашыл түстөгү футболкачан экени көрүнүп турат. Ал мен эмес экеним видеону тарткандар эки секунд артка түрсө эле көрүнүп турат да. Менин маданиятым андайга жол бербейт. Ал менин унаам эмес. Мен ак түстөгү унаа менен баргам. Ким унаанын алдында отуруп баратканы боюнча иликтөө жүргүздүк. Ушак тараткандар Кудайдын алдында жооп берет. Мен эмес экенимди билип туруп, калп маалымат таратып жатышат”, – деди Исаев

“Учурда саясий оппоненттер «Кыргызстан» партиясын жана партия лидери Канатбек Исаевди жаманатты кылуу үчүн бардык ыкмаларды колдонуп жатышат. Интернетке тарап жаткан видеогу адам Канатбек Исаев эмес партиянын тарапташы. Партия лидери Бишкек административдик сотуна көк түстөгү бир жолу колдонулуучу бет кап тагынып барган. Ал эми видеодогу адам футболка кийип, распиратордук бет кап тагынып турат. «Кыргызстан» партиясынын тарапташы өзүнүн туура эмес жүрүм-туруму үчүн элден кечирим сурайт”,-деп айтылат партия тараткан билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости