www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакшы иштеп жатканы айтылып келген Чүй облусунун жетекчиси Канат Жумагазиев күтүлбөгөн жерден кызматтан алынганы көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калды. Эми анын ордуна президент аталган облустагы өкүлү кылып буга чейин президенттик администрациянын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген Азамат Осмоновду дайындады.
Арийне, кезинде өмүр бою ички иштер органдарында иштеген Жумагазиевдин облус башчысы болуп саясий кызматка дайындалышы коомдо кызуу талкуу жараткан. Ошентсе дагы ишти куамы салдырбай тартып кетти. Ал түгүл жакшы иштеп жатат деген алкоолор айтылып баштаган. Анан минтип ыргып кеткенине көптөр аң-таң болушту.
Эми жаңы келген Осмонов дагы коопсуздук тармагында иштеген. Мындан улам анын тажрыйбасына, мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу суроолор арбын. Ал эми Жумагазиев кандай кызматка барат азырынча белгисиз.