www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кочкор районундагы борбордук стадионду куруп жаткан подрядчы уюмга эскертүү берди.

Ведомстводон маалымдашкандай, эскертүү курулуш объектисинде куруучулардын саны аз экенин жана иштердин белгиленген мөөнөттөн артта калып жатканына байланыштуу берилди. Ошондой эле министр бир жуманын ичинде жумушчу күчүн көбөйтүп, курулуш иштерин жандандыруу талабын койду.

Долбоорго ылайык, стадион 4000ден ашык көрүүчүгө ылайыкталат. Ал чуркоо жолдору бар футбол талаасынан, трибуналардан, VIP зонадан жана машыктыруучулар менен оюнчулар үчүн зарыл болгон спорттук бөлмөлөрдөн турат. Ошондой эле көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, унаа токтотуучу жай курулат. Жалпы аянты 2456,93 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, стадион 1980-жылы курулуп, ошондон бери реконструкциядан өткөн эмес. Азыр жүргүзүлүп жаткан иштердин максаты улуттук стандарттарга жооп берген заманбап спорттук инфратүзүмдү түзүү. Бул стадион райондук жана республикалык деңгээлдеги мелдештерди өткөрүүгө ылайыкталган маанилүү спорттук борбор болот.

Последние новости