www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Куралдуу күчтөрү атайын операция башталгандан бери Украинанын дээрлик 3 700 аскердик объектисин жок кылган. Бул тууралуу РФ Коргоо министрлигинин расмий өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков билдиргенин РИА Новости жазды.

"Операция учурунда жалпысынан Украинанын аскердик инфраструктурасынан 3 687 объект жарактан чыккан", — деген генерал.

Анын айтымында, атайын операцияда 99 учак, 128 учкучу жок аппарат, танк жана башка брондолгон аскердик 1 194 унаа, 443 талаа артиллериясы жана миномет, 991 атайын аскердик техника талкаланган.

Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.

БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.

Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.

Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости