www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Джо Байден Украинага курал-жарак жана аскерлерди даярдоого көмөк көрсөтүү үчүн 200 миллион долларлык жардам берүүнү буюрду.
Ишемби күнү жарыяланган бул чечимден кийин акыркы бир жылдын ичинде Украинанын коопсуздук тармагына берген АКШнын колдоосу 1,2 миллиард долларга жетти.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШ Конгресси Украинага 13,6 миллиард долларлык чукул жардам берүүнү колдогон. Анда аскердик техникалар менен жабдууларды жеткирүү акысын төлөөгө 3,5 миллиард доллар жана Орусиянын Украинага каршы агрессиясына байланыштуу Чыгыш Европага көчүрүлө турган АКШ аскерлерин жайгаштырууга 3 миллиард доллар бөлүү каралган.
Эске салсак, Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киев менен Харьковго жасалды.
БУУнун маалыматы боюнча, согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам качкын болуп чыгып кетти.
Бул ортодо Украинадагы кырдаалга байланыштуу Батыш өлкөлөрү жана аларга тиешелүү улуттар аралык компаниялар Орусияга каршы бир топ чектөөлөрдү киргизген.
Атургай айрым өлкөлөр Орусиянын учактары үчүн аба мейкиндигин жаап, учурда каттамдар токтотулган. Ошондой эле Орусиянын аймагында иш алып барган дүйнөлүк ири бренддер ишин токтотуп койгон учур.
Булак: NazarNews.kg