www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва менен Киевдин сүйлөшүүлөрү дүйшөмбү күнү болорун орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бул тууралуу маалыматты РИА Новости жазып чыкты.

Буга чейин, Рейтер агенттиги кеңешчиси Владимир Зеленскийге шилтеме берип, диалог "учурда"(бүгүн) жүрүп жатканын билдирген.

"Жок. Сүйлөшүүлөр эртеңкиге белгиленген", - деди Песков.

Буга чейин орус делегациясынын мүчөсү, Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкий сүйлөшүү процесси алгачкы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу жакшы жыйынтыктарга жетишкенин билдирген. Анын айтымында, бир нече күндүн ичинде эки делегация оң чечимге келип, документтерге кол коюшу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Орусия менен Украинанын ортосунда согуштук кырдаал башталгандан тартып, 3 жолу сүйлөшүүлөр жүргөн. Алгач, эки тараптын жолугушуусунан жакшы жыйынтык чыккан эмес. Кийинки жолугушууларда гуманитардык коридорлорду ачуу тууралуу макулдашышкан. Ал эми Украинанын президенти кайрадан сүйлөшүү сунушун киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости