www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия менен Украинанын ортосундагы саясий кырдаалдан улам, Орусия азык-түлүктөрдүн айрым түрлөрүн убактылуу экспорттоого тыюу салды. Мындай маалыматтан соң, интернетте дүкөндө кумшекер талашкан аялдардын видеосу тарады. Кийинчерээк, бул окуя Казакстандын аймагында болгондугу ачыкталган. 

Ал эми, Казакстандын бийлиги ажиотаж кылууга негиз жок экенин билдирди.

"Соода жана интеграция министрлиги казактар ​​арасында кээ бир азык-түлүк товарларынын, анын ичинде канттын дефицити болушу мүмкүн деген үгүттүн фонунда билдирүү жасады" -деп жазат казакстандык маалымат каражаттары.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Казакстанда айрым азык-түлүктөрдүн, анын ичинде канттын жетишсиздиги тууралуу дүрбөлөңгө түшкөн билдирүүлөр тарады. Мындай билдирүүдөн соң айыл чарба министрлиги дүрбөлөңгө түшпөөнү суранган.

"Тамак-аш өндүрүшү токтобойт, запастар системалуу түрдө толукталууда",- деп билдирген министрлик.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, "дан эгиндерин, ун, консерва жана башка товарларды өндүрүү үчүн сырье, ошондой эле эт жана сүт азыктарын өндүрүү үчүн малдын саны жетиштүү", -  деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости