www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналында чечен аскерлери Киевге жакындап калганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Биздин бир туугандар Киев багытында ишин улантууда. Азыр алар Украинанын борборуна жакын жерде... Буйрук дагы эле күчүндө - улутчулдар толугу менен жок кылынмайынча аракет кылгыла!", - деп жазган Кадыров.

Ошондой эле, Чеченстандын лидери орус армиясынын чегиниши тууралуу кептер чындыкка дал келбей турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин Рамзан Кадыров Путинге кайрылуу жасап, "Буйрук бериңиз, сиз үчүн жанымды берүүгө даярмын", - деп маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости