www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабияда 12-мартта өлүм жазасына кесилгендердин саны 2021-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, өлүм жазасына тартылгандардын бардыгы, террордук уюмдар менен байланышы бар деп айыпталган.

Сауд Арабияда 12-март, ишемби күнү 81 адамга өлүм жазасы аткарылды. Ошентип, өлкөдө бир күндө эле өлүм жазасына тартылгандардын саны 2021-жылга караганда көбүрөөк болуп чыкты. Бир жыл мурда бул көрсөткүч 69 адамды түзгөн.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, өлүм жазасына тартылгандар “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” жана башка террордук уюмдар менен байланышы бар экенин жана буга чейин өлкөнүн соту тарабынан “бир нече оор кылмыштарга” күнөөлүү деп табылганын жазат.

Ошондой эле, өлүм жазасына тартылгандардын арасында Сауд Арабиянын 73, Йемендин 7 жана Сириянын бир жараны бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости