www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус бийлиги абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгы «канааттандырарлык» экенин жарыялады. Жазаларды аткаруу федералдык кызматы «Интерфакс» агенттигине Навальный жазасын өтөп жаткан абакта өз каалоосу менен медициналык кароодон өткөнүн билдирген. Анын жыйынтыгында саясатчынын саламаттыгы стабилдүү жана канааттандырарлык экенин кошумчалаган.

24-мартта саясатчынын адвокаттары анын саламаттыгы начарлап кеткенин айтып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, өткөн аптанын соңунан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Адвокаттар колониядагы Навальныйга кире албай жатышканын да билдиришкен.

Жазаларды аткаруу кызматынын саясатчынын абалы боюнча расмий маалыматы оппозициянын тарапкерлерин ынандырган жок. Алар өлкө боюнча чоң масштабда митинг өткөрүүгө даярданышууда.

Орус бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылдагы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен өкүмдү күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында отурат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости