www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Исаков, саясатчы : “Биз адилеттүү сотторго муктажбыз”

“Биз адилеттүү сотторго муктажбыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Жергиликтүү сотторго азыркыдай 30 жаштан эмес, 35 жаштан 65  жашка чейин, 10 жылдык юридикалык стажы менен алыш керек. Аппеляциялык сотко 45 жаштан 70 жашка чейин, 7 жылдан кем эмес жергиликтүү соттордо судьялык стажы бар. Ал эми Жогорку сотко 65 же 70 жаштан өмүр бою, 15 жылдан кем эмес судялык стажы бар, анын ичинде 5 жылдан кем эмес аппеляциялык сотто стажы бар, бир да артында “ызы-чуусу, илинчеги жок” судьяларды шайлоо керек. Ошону менен бирге таза, күчтүү жана адилеттүү чечим чыгарган жергиликтүү соттордон, Аппеляциялык сотко, Аппеляциялык соттон жогоруда айтылган принцип менен Жогорку сотко шайлана турган нормаларды кийин мыйзамга киргизсек, биз келечекте тажырыйбалуу жана авторитеттүү сотторго ээ болуп, өлкөбүздө сот адилеттүүлүгүн орнотмокбуз. Биз адилеттүү сотторго муктажбыз”, - дейт саясий ишмер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости