www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районундагы Нургазиев туннели Өзбекстандын аймагына өтүп кетүү коркунучу жок, жана тынчсызданууга негиз жок. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нургазиев каналы толугу менен Кыргызстандын аймагында жайгашкан жана Кыргызстандын аймагы аркылуу гана агып өтөт.

Нургазиев каналы Кадамжай районундагы Ак-Суу дарыясынан бөлүнүп чыгып, Кадамжай шаарынын Пүлгөн, Жаңы-Жер айылдарынан, Халмион, Алга айыл аймактарынан, ал эми каналдын туннели, Өзбекстандын Фергана районунун Водил айылынын түндүк тарабында, мамлекеттик чек ара сызыгынан 150-200 метр алыстыктан өтөт.

Бул суу каналы жайгашкан аймактар Кыргызстан менен Өзбекстандын делимитация боло элек аймактарына кирбейт жана бул маселе эки мамлекеттин чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясында каралышы мүмкүн эмес.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-мартта КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бурун Аманова демаркация иштеринин жүрүшүндө Кадамжай районундагы Нургазиев туннелинин башы Өзбекстанга өтүп кетүү коркунучу бар жана аймактагы элдин кызыкчылыгын коргоо, стратегиялык обьекттин статусун эске алуу керек деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости