www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эл аралык уюмдар анча мынча каражат берип, өнүгүүгө жолду бууп жатышат”- деди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.

--“Жаңы долбоордун дагы бир кемчилиги, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийликтерин жана жергиликтүү сотторду келечекте реформалоого бөгөт койгондугу. Эл аралык уюмдар тарабынан “аз аздан баңгизат берип, ийнеге отургузгандай”, анча мынча каражат беришип, бизге таңуулап, өнүгүүгө жолду бууган, азыркы жергиликтүү өз алдынча бийликтин шайлоо принциптерин түп тамыры менен өзгөртүшүбүз зарыл. Анын кесепетинен айыл өкмөттөр майдаланып, жалпы саны 435 болуп, “разделяй и властуй” деген принципте түзүлгөн. Бири бай, бир жакыр, бири экинчисине жардам бербейт, бере да албайт”, - дейт Исаков.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости