www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду кыргызстандык ишкерлерге насыя түрүндө 413 миллион доллар берди. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Маалыматка караганда, фонддон жалпы 3157 насыя берилген. Алар тармактар боюнча бөлүштүрүлгөн (1-февралга карата маалыматтар). Насыянын 35 пайызы өндүрүш тармагындагы бизнес-долбоорлорго, 24 пайызы агро өнөр жай комплексине жана 13 пайызы инфраструктураны өнүктүрүүгө бөлүнгөн.

Аталган фонд 2014-жылдын аягында, Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу менен өлкөнүн экономикасын модернизациялоо максатында түзүлгөн. Уставдык капиталы 500 миллион долларга жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости