www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз күйөө баласы Рахат Алиевден бийлигин кызганып, аны өлтүрттү. Ошондон улам небереси баш оту менен наркоман болуп кетти. Кызынан да бийликти аяп Токаевге берген, эми Токаев көргүлүктү көрсөтө баштады.Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Казак Республикасында Сенаттын төрайымы эле аны кубалап түштү. Нурсултан Назарбаевдин небереси баңгиликтин кулу болуп, өзүн токтото албай жарыкчылык менен кош айтышкан. Назарбаев Айсултан Лондондо 2020-жылы 16-августта көз жумган. Анын атасы Рахат Алиев кайынатасы Нурсултан Назарбаевден куугунтук жеп Европада жок кылынган. Анын энеси Дарига Назарбаева уулунун өлүмү боюнча комментарий берген, Айсултандын агасы Нурали Алиев сейрек кездешкен үй-бүлөлүк сүрөттөрдү бөлүшүп, жүрөк козгоорлук видеотасманы жарыялаган. Назарбаев Айсултан 2019-жылы октябрда Лондондо полицияга кол салган деген айып менен шарттуу кесилген. Буга анын баңгизат чегип алган абалында полиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, алардын бирин тиштеп алганы себеп болгону айтылган. Назарбаевдин небереси 140 сааттык коомдук жумушка чегерилип, баңгизат көз карандылыгынан арылыш үчүн атайын сабактарга барууга милдеттендирилген.

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Eurasia Today жазып чыкты. Расмий маалыматта Боранбаев "мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдаган" деп айыпталып жатканы жазылган. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып өлгөнүн кабарлаган.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, "Кемикал" мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар. Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана "Казактелеком" ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев небереси Айсултан Назарбаевдин өлүмү жөнүндө «Хабар» телеканалы менен ой бөлүшкөн: «Сара экөөбүз 1962-жылы үйлөнгөнбүз. Дарига менен Динара Темиртау шаарында төрөлгөн, ал эми Алия Алматыда туулган. Үч кыздан сонун неберелерим бар – тилекке каршы, мага абдан окшош болгон бир неберебизден айрылдык. Мен бул неберемдин ушунчалык эрте кеткенине аябай өкүнөм. Аны эч жакка жибербей деле койсок болмок болчу, бирок аны кармап калуу мүмкүн эмес болчу. Ал баңгиликтин кулу болуп калган, өзүн токтото алган эмес. Биз аны Москвада дарыладык, Лондондо дарыладык.

Экинчи кызы Динаранын жубайы дүйнөдөгү эң бай миллиардер Тимур Кулибаев. Үчүнчү кызы Алияны Кыргыз президенти Аскар Акаев келин кылып алган. Бирок Айлар Акаев экөөнүн никеси узак болгон жок.  Эмки жолдошу — Димаш Досанов, «КазТрансОйл» ишканасынын президенти. Алиянын Алдияр деген уулу бар, мен аны аябай жакшы көрөм. Алдиярдын карындашы да төрөлдү. Азыр Дариганын кызы Венера кыз төрөдү. Бул менин чөбөрөм. Мен келгенде Алдияр мойнумдан кучактайт, «эмне алып келдиң» деп сурабайт. Мен анын шоколадды жакшы көрөрүн билем, мен ага бул жакты (чөнтөгүн көрсөтүп – ред.) кара дейм. Ушундай учурларда сен баарын унутасың», – дейт тунгуч президент.

Кыргыздар менен ирегелеш Улуу жүз Казакстанга 57 жылдан бери бийлик жүргүзүп келатат. Анын ичинде Кунаев 24, Назарбаев 30, Токаев 3 жыл. «Дүйнөдө эки жакшы көргөн элим болсо-бири кыргыз» -деген Назарбаев. Казактар да кыргыздар сыяктуу эле «бектен, хандан кайра тартпаган» калк болот. СCCРдин убагында Горбачев башында турган бийлик буларга эмне деп, Кунаевди алып ордуна орус Геннадий Колбинди Казакстандын башына алып келишкен. Казак жаштары СССРдин тарыхында биринчи жолу 1986-жылы декабрда «Желтоксан» революциясын уюштуруу үчүн баш көтөрүшүп, Кремлдегилер кирерге тешик таппай калышкан. Ошонун желаргысы менен 1989-жылы Улуу жүз Нураке бийликке келет. Комсомолдук, партиялык линия менен көтөрүлүп отуруп, 1979-жылы БКнын секретары, 1984-жылы премьер-министр болгон. Экономика илимдеринин доктору. Акылбек Жапаровго окшоп экономика илиминин докторун сатып алган эмес.

Бүгүнкү Казакстан дүйнөдөгү өнүккөн отуз өлкөнүн катарын толуктаганы туру. Нурсултан Назарбаев 2019-жылы Казакстандын президентинен баш тарткан. Бирок, саясаттан биротоло кетпей Нур-Отан партиясынын төрагалыгынын тизгинин мыкчып, президент Токаевге көз салып турган. Эми Нурсултан Назарбаев Нур-Отан партиясынын «эки чылбыр, бир тизгинин» Улуу жүздүн жалайыр уруусунан Токаевге  бере турган болду. Борбор Азияда президенттердин орун алмашуусу көптөгөн кыйынчылыктарга тушугары чындык. Кыргызстанда кызматынан түшкөн президент «эл душманына» айланып же чет мамлекетте жашаса же камалып келген. Өзбекстанда 2016-жылы президент Ислам Каримовдун көзү өткөн соң кызы Гүлнара Каримова камалып жатат. Казакстанда  Нурсултан Назарбаев өз каалоосу менен президентти өткөрүп берген, эми жакындарын четинен камай башташты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости