www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов эски министрлер кабинетинин отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгонун орус тилдүү өкмөттүк «Нейтральный Туркменистан» гезити жекшембиде жазып чыкты.

Түркмөнстандын жаңы лидери муну ишемби күнү инаугурация аземинен жана ардактуу кароолдун жоокерлери менен куралдуу күчтөрдүн бөлүктөрүнүн парады кабыл алынгандан кийин жасады. Гезит президент Сердар Бердымухамедов парадды кабыл алып, эң жогорку мамлекеттик кызматтагы милдетин аткаруу үчүн Огузхан сарай комплексине жөнөгөнүн белгилеген.

«Түркмөнстандын Конституциясына ылайык, мамлекет башчысы өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын толук күчүндө калтыруу жөнүндө жарлыкка кол коюп, министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантууну тапшырды», — деп баса белгилейт басылма.

Эске салсак, Түркмөнстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 12-мартта жогорку мамлекеттик кызматка тогуз талапкердин катышуусунда өткөн. Шайлоодо 72,97% добушка ээ болуп, Гурбангулы Бердымухамедовдун 40 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедов жеңип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости