www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык ишкер, президент Владимир Путиндин досу саналган Евгений Пригожиндин "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясы Вашингтондогу соттон ишканага тагылган айыпты алып салууну суранды. Атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык бул ишкананы АКШдагы президенттик шайлоого "кийлигишүү үчүн пропаганданы каржылаган" деп айыптаган. Бул тууралуу Азаттык жарыялады.
Адвокаттар Мюллердин дайындалышын мыйзамсыз деп, "Конкорд менеджмент жана консалтинг" компаниясын кандайдыр бир "кутумга" катышкан деп айыптоого тиешелүү укугу жоктугун белгилешкен.
Юристтер АКШнын Юстиция министрлигинин чечими менен дайындалган Мюллерди "шайлоого кийлигишкен" деп айып тагууга укугу жетишсиз деп эсептешет. Адвокаттар Конгресс атайын мыйзам кабыл алып, ага жетиштүү укук берген эмес деп белгилешет.
Февраль айында Мюллер АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкен деп "Троллдор фабрикасы" атка конгон Орусиядагы "Интернет изилдөөлөр агенттигин" жана Евгений Пригожинди "жалган маалыматтарды жана орус бийлигинин үгүтүн жайылтууда" деп айыптаган.
Пригожин болсо өзү да, анын ишканалары да «Америкадагы шайлоого кийлигишүүгө багытталган ишмердик жүргүзбөгөнүн» билдирген.
АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсүн иликтөөнүн алкагында 15-мартта 10 орус жаранына жана беш ишканага санкция киргизилген. "Кара тизмеге" киргизилген адамдар "Интернет изилдөөлөр агенттигинин" кызматкерлери.
Булак: NazarNews.kg