www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык жана польшалык илимпоздор дени сак клеткаларды жок кылбай турган өпкө рагына каршы жаңы дары ойлоп табуунун үстүнөн иштеп жатышат. Бул тууралуу «Известия» басылмасы жазды.

Эксперттердин айтымында, дары олуттуу терс таасирин тийгизбестен оорулууну натыйжалуу дарылоого жөндөмдүү болору күтүлүүдө.

Ал эми учурда ракты дарылоодо цисплатиндин негизиндеги дарылар колдонулат. Окумуштуулар мындай дарылар менен дарылоо оорулуунун организминин жалпы абалына терс таасир этерин белгилешти.

Илимпоздордун тобу онкологиялык ооруларга каршы жаңы дары түзүлө турган шишикке каршы активдүүлүгү жогору жаңы кошулманы синтездеп көрүшкөн.

Дарыгерлердин айтымында, жаңы препарат "акылдуу" жеткирүүчү технологиялардын жардамы менен рак клеткаларын аныктай алат.

Буга чейин Гомель медициналык университетинин ректору, медицина илимдеринин доктору, инфекционист Игорь Стома боор рагына каршы “гепатит В” илдетине каршы вакцинаны атаган.

Ал жаңы төрөлгөн балдардын баары ооруканада эмделген гепатит Вга каршы эмдөө адамзаттын эң чоң жетишкендиктеринин бири деп эсептейт.

Эске салсак, жакында эле америкалык Pfizer компаниясынын башкы директору Алберт Бурла жакын арада илим рак оорусун айыктыра турган дары чыгарарын божомолдоп, бул тармакта илимпоздор максатка жакындап калышканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости