www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги Мариуполь шаарындагы "Азовсталда" жаткан украин аскерлери менен "Азов"* улутчулдар батальонунун согушкерлеринин туткунга түшүп берип жаткан видеосун жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Кадрдан заводдон согушкерлер жарадарларын замбилге салып чыгып келе жатканын, аларды россиялык аскерлер дыкаттык менен текшергенин көрүүгө болот. Андан соң автобустарга салып, ал эми жарадарларына россиялык медиктер биринчи медициналык жардам көрсөткөн.

Туткундардын чыгып келе жатканда дронго тартылган ирмемдери да тарады.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү генерал-майор Игорь Конашенков бир сутканын ичинде "Азовсталдан" 265 согушкер чыгып, куралдарын тапшырганын билдирген. Алардын арасында оор жарадар 51 киши бар экендигин айткан. Дарыгерлердин жардамына муктаж болгондор Донецкидеги Новоазовск ооруканасына жиберилген.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости