www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-27-майда Бишкек менен Чүйдө жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, бул күндөрү Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин мүчөлөрүнүн жолугушуусу жана Евразия экономикалык форуму өтүп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин президенттери келет.
Эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жолдогу коопсуздукту камсыз кылуу максатында Бишкек шаары менен Чүй облусунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизиле турганы белгиленди.
ЖКККББ шаар тургундары менен конокторду киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алып, жол эрежесин сактоого чакырды. Ошондой эле автоунааларды жол жээгине токтотпоону суранды.
"Бул күндөрү чет мамлекетке же башка аймакка кете турчу жарандар сапарын алдын ала пландап алышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бишкекте май айынын соңунда болчу Евразиялык экономикалык форумга катышары айтылган.
Эске салсак, Евразия экономикалык биримдигине быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.
Булак: NazarNews.kg