www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европалык союз орусиялык энергоресурстардан баш тартып экономикалык аутодаф кылып жатат. Бул тууралуу Владимир Путин мунай тармагындагы абал боюнча кеңешмеде айтканын РИА Новости жазды.

"Бүгүн саясий түс берилген себептерден, керт баштын амбициясы жана америкалыктардын басымынан улам Европа өлкөлөрү нефть жана газ рыногунда улам жаңы санкцияларды киргизип жатат. Мунун баары инфляцияга алып келет, катасын моюнга алгандын ордуна алар күнөөлүүлөрдү чет жактан издеп жатат", — деген Путин.

Орусия президенти Европа кийинчерээк энергоресурстар абдан кымбат болгон аймакка айланарын айтты.

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаалдан кийин Орусияга бир катар санкцияларды салган. ЕБдин өлкөлөрү россиялык нефть менен газдан баш тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү олуттуу түрдө эле издеп жатышат. ЕБдин санкцияларынын алтынчы пакети мунай эмбаргосун камтыган, бирок бир катар мамлекеттер, тагыраагы, Венгрия анын кабыл алынышына макул эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости