www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-украин согушу: Орустар 26 күндө эмнеге жетишти?

АКШнын Коргоо министрлиги Украинадагы кырдаал боюнча чоң брифинг уюштурду. Брифингди жогорку даражалуу офицер өткөрдү. Брифингдин жүрүшүндө төмөндөгүлөр айтылды:

«Алар [орустар] импульс алууга, кандайдыр бир таянаар чекит табууга аракет кылып жатышат - аларда эч качан мындай болгон эмес жана алар буга абдан ачууланып жатышат.

Мен жөн гана картаны карап көрөлү дегеним. Орусиянын көзөмөлүндөгү калктуу пункттарды бирден санап чыкса болот, алардын экөө - Донецк менен Луганскты - алар мурда эле көзөмөлдөгөн.

Анда алар 26 күндө эмнеге жетишти? Орус аскерлери Мелитополду, Бердянскты, Херсонду алышты. Бирок алар катуу салгылашуу жүрүп жатканына карабай Киевди да, Харьковду да, Мариуполду да ала алган жок.

Элдик борборлорго чабуул коюп жана Украинаны басып алууга болгон максаттарына жетүү жагынан алар эч нерсеге жетишкен жок. Ошондуктан, биз азыр көрүп жаткан нерсе - шаарларга ракеталык чабуулдар, жардыруулар - алардын демилгени колго алуу аракетинин чагылышы. Бул армия өзүнүн тактыгы менен белгилүү болбогондуктан, мындай тактика карапайым калк үчүн өтө коркунучтуу.

Орустар өздөрү тыгылып, баш аламан болуп турганда украиналыктардын маанайын түшүргөндүн ордуна, алар көбүрөөк каршылык көрсөтүп жатышат. Караңыздар, алар өнөктүктүн 26-күнүндө Киевден 15 чакырым түндүк-батыш тарапта, бир жума мурун деле ошол жерде болушкан. Алар Киевден 30 чакырым чыгыш тарапта - бир жума мурун да ошол жерде болгон.

Менде Мариуполго канча орус солдаты кирип жатканы тууралуу так маалымат жок. Мариуполь курчалган деп гана айта алабыз. Негизги басым түштүк жана түндүк-батыш тараптан. Биз Мариуполь орустар үчүн бир нече себептерден улам маанилүү деп эсептейбиз.

Биринчиден, бул Азов деңизиндеги порт. Экинчиден, Мариуполдун басып алынышы Кырым менен кургактыктан көпүрө түзүүдө. Бирок эң негизгиси, алар Донбасста украин армиясынын бириккен тобун изоляциялап, Украинанын чыгышын кесип салууга аракет кылууда.

Ошентип, алар Киевди коргоо үчүн бул жерде турган украин күчтөрүнүн батышка баруу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюшат. Орус аскерлери чыгышта украиналыктарды жеңүүгө аракет кылып жатат, мунун ачкычы - Мариуполь».

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости