www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Гуанси-Чжуан автономдук районунун Учжоу шаардык округунун Тэнсянь уездинин Молан айылынын жанында Boeing 737 кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Жүргүнчүлөр жана экипаждын курамы курман болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан авиакырсыкта каза болгондордун туугандары жана жакындары менен аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга көңүл айтам. Сизге жана кытай элине ушул кыйын учурда кайраттуулук каалайм», - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Эске салсак, 21-март күнү Кытайдын China Eastern Airlines авиакомпаниясынын Boeing 737 үлгүсүндөгү учагы кулаганы кабарланган. Алгач анда 133 киши бар деп айтылып, кийин бортто 132 адам болгону аныкталган. Алардын ичинен 123ү жүргүнчүлөр, тогузу экипаж мүчөлөрү дешкен. Лайнер Куньминден Гуанчжоуга бара жаткан.

Кырсык болгон сааттарда эле учак кулаган аймак аныкталып, жеринде тартылган видео жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости