www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова АКШнын Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Америка Кошмо Штаттары Алексей Навальный менен байланышкан кырдаалдан улам Орусияга каршы жаңы санкцияларды салууга камынып жатканын билдирген. Андан тышкары «Түндүк агым-2» долбоорун ишке ашырып жаткан Орусиялык компанияларга да санкция киргизүүсүн улантарын кошумчалаган.
«Качантан бери АКШ мыйзам боюнча жашап калган? Анын химиялык куралды тыюу салуу боюнча уюмда алып барган иши бир да мыйзамга туура келбейт. АКШ «мыйзам» деп айтуудан мурда Югославия, Иракта өлтүрүлүп, майып болгондор үчүн өздөрүнө санкция салып, жазалансын», — деп жазды Захарова Telegram-каналына.
Булак: NazarNews.kg