www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө кеминде 257 адам кармалды. Бул тууралуу жекшембидеги бүткүл орусиялык каршылык акциясына байкоо салган "ОВД-Инфо" медиа-долбоору кабарлады. Алардын маалыматына ылайык, Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалган. Мындан тышкары кармоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган.

Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен демонстранттардын арасында Алексей Навальный да бар.

"Мен кармалдым. Бул маанилүү эмес. Тверская көчөсүнө келгиле. Силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана өзүңөрдүн келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар", - деп жазды Навальный Твиттердеги барагына.

Жекшембиде нааразылык акциясына чыккандар "Шайлоону бойкоттогула", "Путинсиз Орусия" деп кыйкырып жатышты. 26-январда Орусиянын Ички иштер министрлиги шайлоо алдындагы митингдерде мыйзам бузгандарга катаал чара көрүлөт деп эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости