www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин, Түркияга карай бир канча санкциялардын жоюлуусун көздөгөн токтомго кол койду.

Буга ылайык түрк жарандарына 2016-жылдын 1-январында киргизилген «Орусияда иштөө тыюу салуусу» аяктаган болду.

Токтомдо айрыкча түрк ысымдуу фирмаларга белгилүү тармактарда иш жүргүзүүгө карата чектөөлөр да алып салынды.

Токтомдогу башка күтүлбөгөн нерсе, Орусиянын түрк жарандарына виза режимин бираз жеңилдеткени болду. Белгилүү категориядагы түрк жарандары 2015-жылдан мурдагысындай эле Орусияга кайрадан визасыз кире алышат. Виза жөнүндөгү маалымат Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Анкаранын ортосундагы жазышуулардан кийин такталат.

Түрк аба мейкиндигине кирип кеткен орус учагынын 2015-жылдын ноябрында атып түшүрүлүшүнөн кийин эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу чектөөлөр киргизилген болчу.

Бул учурда Орусиянын федералдык авиация мекемеси (Росавиация) Анталья каттамдарына бардык чектөөлөрдү жойду.

Росавиациянын билдирүүсүндө, Антальяга чартердик каттамдардын токтотулушу мүмкүн экени жөнүндөгү орус авиакомпанияларга айтылган эскертүүнүн алып салынганы белгиленди.

Маалыматта: «Антальяга учак каттамдары үчүн бардык чектөөлөр жоюлду»,-деп айтылды.

Росавиация айдын башында да Антальядан тышкаркы Түркиядагы бардык шаарлар үчүн эскертүүсүн алып салган болчу.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости