www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асанов Ибрагим Кубатович  мурда Орусия Федерациясында Кыргыз Республикасынын ИИМнин мурдагы өкүлү болуп эмгектенген, ошондой эле КР ИИМдин Бишкек шаарынын ШИИБдин жетекчилик кызматтарын аркалаган.

Ал Ашимов Нурлан Убайдуллаевич аттуу жарандын ишенимине кирип, ага 470 000 АКШ долларына материалдык зыян келтирген.

Ашимов Н.У. 2015-жылы өкүлчүлүк класстагы кымбат машинелерди, негизинен Lexus LX 570, Lexus LX 470, Hammer, Honda CR-V ж.б. машинелерди сатып жүргөн.

И.К. Асанов Н.У. Ашимовдун ишенимине кирип, ар дайым андан сатканга машине алып, үстүнө акча кошуп сатып турган. Натыйжада жогорудагы сумманы кайтарбай койгон.

И.К. Асанов жалгыз болгон эмес, бул факт боюнча 10.05.2016-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБ ТБ тарабынан жабырлануучуга жакшы тааныш эмес Тойдиев Даван, Шекенова Роза, Асанов Ибрагим жана Маразыков Акрам жарандарына алдамчылык, шылуундук боюнча № 2-16-793 кылмыш иши козголгон.

№ 2-16-793 кылмыш иши боюнча тергөө учурунда  Д.Тойдиев менен Р.Шекеновага айып коюлуп, иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген, ал эми И.Асанов менен А.Маразыковдорго карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө алынып, 2-16-793 «А» кылмыш иши козголгон, бул боюнча тергөө 2017-жылдын февраль айында Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек ШИИБ ТБ тапшырылган.

Кылмыш иши Бишкек ШИИБисине өткөнгө чейин И.К.Асанов ИИБидеги тааныштары аркылуу тоскоолдук жаратып келген, натыйжада кылмыш ишин ачууга баш тартышкан.

Н.У.Ашимов КР Башкы прокуратурасына кайрылгандан кийин 2016-жылы Биринчи май райондук ИИБ И.К.Асновго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыяланып, сыртынан камакка алуу чечими чыккан.

22.02.2017-жылы эртең мененки саат тогузда Бишкек ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан КР ИИБнын мурдагы кызматкери Ибрагим Кубатович Асанов колго түшүрүлгөн

Камакка алуу чечимин Биринчи май райондук соту чыгарган, бирок процессуалдык актка карабай, И.К.Асанов камакка алынган эмес, кармалгандан кийин айыпталуучу КР КПКнын бардык нормаларына каршы 10 күн аралыгында Бишкек ШИИБинин УКИде болгон.

Ал эми КР КПКга ылайык тийиштүү жетекчилер сот тартибинде анын кармалуусун мыйзамдуу деп таап, КР ЖАМКнын 1-СИЗОсуна камалышы керек болчу.

Анын ордуна И.К.Асанов тааныштары аркылуу Биринчи май райондук чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган.

Ушуга байланыштуу жабырлануучу Н.У.Ашимов 2017-жылдын март айында Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазган. Арыз КР Жогорку сотунун көрсөтмөнү көзөмөлдөө иретинде киргизүү жөнүндө Бишкек шаардык сотунун аныктамасын жокко чыгарып,  № 2-16-793 «А» кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан И.К.Асановдун баш коргоо чарасын камакка алууга байланыштуу жазылган.

Жыйынтыгында Бишкек шаардык прокуратурасынын арызы каралып, өтүнүч канаатандырылып, жогорудагы Бишкек шаардык сотунун аныкмасы негизсиз деп табылган.

Анткени 24.03.2017-жылы чыг. № Н-10-17 Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн улук прокурору А.Ч.Шаршеева тарабынан чыг. № Н-10-17 көрсөтмөсү КР Жогорку Сотунун дарегине киргизилген.

КР Жогорку Соту тарабынан көзөмөл көрсөтмөнү кароо  2017-жылдын19-апрелине эртең мененки саат 10:15ке коюлган, бирок каралган учурда КР Башкы прокуратурасы тарабынан бул акт эч себепсиз чакырылып алынган.

Жогоруда көрүнгөндөй И.К.Асанов тааныштарын пайдаланып, жоопкерчиликтен качууга аракетенип жатат, анын үстүнө жабырлануучу Н.У.Ашимовдун айтуусу боюнча айыпкерди КР ЖКнын, КР ИИМдин, прокуратура органдарынын, сот системасынын көптөгөн чиновниктери канатына калкалап жаткан кездери.

И.К.Асановдун мыйзамсыз иштеринен улам азыр Н.У.Ашимов, анын аялы, баласы, үй-бүлөсү, туугандары азап чегип, ай сайын ар кимден алган акчаларды жана кредитти төлөп жатышкан кездери.

Ушундан улам жабырлануучу Н.У.Ашимовдун одоно бузулган укуктарын коргоого варианты калбай калды. Ал Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын бирине да ишенбей, ММКлар аркылуу өлкөнүн жетекчилерине кайрылууга аргасыз болуп, мамлекеттик органдардагы “өзүм билемдикке” көңүл бурдургандан башка чарасы калбай олтурат.

Нуриддин ХАШИМОВ

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости