www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Кыргызстандан бараткан жемиштерди артка кайтарды

Ноябрдын башында орус-казак чек арасындагы Орусиянын фитосанитардык көзөмөл бекети 382 тонна жашылча-жемишти жана кургатылган азыктарды артка кайтарды. Мекеме товарлар мыйзам бузуу менен кирип жатканын аныктаган.

Жүзүм, курма, алма, мейиз, жаңгак жана ит мурунду Орусияга киргизбөөгө негиз катары - товардын өндүрүлгөн өлкөсү - Өзбекстан менен Тажикстандан тиешелүү фитосанитардык сертификаттардын жоктугу деп айтылды. Сентябрдан бери Орусия Кыргызстандан барган жалпы миң тоннадан ашуун азык-түлүктү артка кайтарган.

Кыргызстан 2014-жылдан бери Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения менен чогуу Евразия экономикалык биримдигине мүчө. Кыргызстандык ишкерлер өлкө биримдикке киргенден кийин тескерисинче, бул өлкөлөргө товар сатуу татаалдашканын айтып, нааразылыгын билдирип келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости