www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоунаалардын ылдамдыгын аныктоочу радар алууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, ЖККБ 14 млн. сомго 20 даана радар сатып алмакчы.
Радарлар ылдамдык режимин бузган автоунаалардын сүрөтүн сактап, ылдамдыктын өлчөмүн, бузуу катталган убакытты жана жерин да аныктайт. Мындан тышкары унаанын туура эмес жерге токтотулушун, жол сызыктарын туура эмес кесип, тебелеп өтүшүн, жол чырактын кызыл жарыгына өткөнүн, каршылаш тилкеге чыкканын да так көрсөтүп берет. Караңгыда да иштейт. Радардагы маалыматтарды кайгуул-күзөт инспекторлору өчүрө албайт. Аппаратты аралыктан башкарууга болот.
Тендерге арыз берүүнүн мөөнөтү 26-ноябрда аяктайт.
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып жүргөн автоунаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 2019-жылдын 12-февралынан бери иштейт. Камералар жол коопсуздугундагы эреже бузуунун жети түрүн аныктайт.
Булак: NazarNews.kg