www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы шайланган өлкө башчы Садыр Жапаровдун Россияга болчу расмий иш сапары боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирүү таратты.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин социалдык тармактарда «Сыягы, Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес» деген маалыматтар тараган. Буга байланыштуу Байтерек аталган маселе боюнча үн катты.
«Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров биринчи расмий иш сапарын Орусияга жасоону пландоодо. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Орусия тарап менен иш сапардын датасы жана мазмуну иштелип, даярдалып жатат. Соцтармакка тараган «Орусия Садыр Жапаровду кабыл алууга даяр эмес» деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Учурдан пайдаланып коомчулукту мындай чагымчыл маалыматтарга ишенбей, такталган гана билдирүүлөрдү окууга чакырып кетет элем», — деген Байтерек.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт.
Булак: NazarNews.kg