www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан Конституциялык кеңешме Бишкекте кезектеги жыйынын өткөрүүдө. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алгач Баш мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөргө токтолду.
«Баш мыйзамда элдик бийликти колубуздан келишинче күчөттүк. Кантип күчөттүк: Бир-экөөнү айтып берейин. Биринчиси - биз түз шайлоону алып келип жатабыз. Аны өзүңөр окуйсуңар. Экинчиси - коомчулуктун өкүлү болгон элдик курултайдын ыйгарым укуктарын колубуздан келишинче кеңейттик. Андан башка Жогорку Кеңештин депуттатарын чакырып алууну киргиздик», - деди Бөрүбашев.
Конституциялык кеңешме Баш мыйзамдын долбоорунун биринчи варианты иштелип чыкканын былтыр 11-декабрда кабарлаган. Кеңешме долбоордун акыркы варианты иштелип чыккан соң Жогорку Кеңешке жиберүүгө тийиш. Андан кийин парламент аны референдумга алып чыгуу боюнча демилге көтөрүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын жаңы долбоорун 2020-жылы 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башта ал долбоорду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо референдумга коюу сунушталган. Коомчулуктун көптөгөн сын-пикирлеринен кийин, референдумга мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү маселеси гана киргизилген.
Эскерте кетсек, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум быйыл апрель айында жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен кошо өткөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg