www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия пандемия учурундагы тыныгуудан соң Сирияда калган жарандарын алып келүүнү улантууда. Бул тууралуу Орусия президентинин алдындагы балдардын укугу кызматынын ыйгарым укуктуу өкүлү Анна Кузнецованын билдиргенине таянып жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 18-август күнү Сириядан 26 бала мекенине кайтып келет. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, балдар буга чейин Дамасктагы наристелер үйүндө кармалып турушкан.
"Алар Коргоо министрлигинин учагы менен алып келинет. Мурдараак өкмөт тарабынан Сириядан 122 баланы алып келүү пландалып жатканы кабарланган. Ал үчүн дагы төрт жолу Сирияга каттам болот. Орусия бир нече жыл согуш болгон Сирия менен Ирактан буга чейин 156 баланы мекенине кайтарган", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg