www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын 201-орусиялык аскер базасында жыл соңуна чейин учкучсуз учуучу аппараттардын батальону түзүлөт. Бул тууралуу Интерфакс Борбордук аскердик округдун командачысы генерал-полковник Владимир Зарудницкийге шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, батальон заманбап “Орлан” жана “Эрелон” модификацияларынын комплекси менен камсыздалат. Владимир Зарудницкий учкучсуз уча турган аппараттардын так санын атаган жок. Батальон мотоаткычтар, артиллерия, авиациядагы аракеттердин жигердүүлүгүн арттырууга багытталган.

Анын айтмында, Тажикстандагы 201-аскер базасы “Ураган” аттуу реактивдүү системасын дагы алды. Бул система тоолуу рельефте 35 чакырымга чейинки бутаны жок кылууга кудуреттүү.

201-аскер базасы Орусиянын чет өлкөдөгү ири аскер объектиси болуп эсептелет. Анын бөлүктөрү Дүйшөмбү жана Курган-Төбө шаарларында жайгашкан. Эки тараптуу келишимге ылайык, аскер базасы Тажикстанда 2042-жылга чейин болот.

Буга чейин Орусия Тажикстанга аскерий машыгуулар үчүн "Искандер-М" тактикалык ракеталык комплекстерин жөнөткөнүн билдирген. Ракеталык комплекс 30-майдан 1-июнга чейин өтө турган «Дүйшөмбү-антитеррор-2017» деп аталган машыгууларда колдонулат.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости