www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия Тажикстандагы 201-аскер базасынын согуштук машиналар паркын жаңылоо үчүн Т-72Б3М үлгүсүндөгү 30 танк алып келет. Бул туурасында РИА Новости жазат. Ал техниканы жыл соңуна чейин алып келүү пландалууда.
Орусиянын бирдиктүү штабынын жетекчиси Евгений Охрименко учурда Тажикстандагы аскер базасын заманбап үлгүдөгү аскердик жана атайын техника менен камсыздоо процесси жүрүп жатканын билдирген. Ал жакында эле 201-аскер базасына заманбап модификациядагы БМП-2 согуштук машиналардын, алыска жетүүчү огнемет жана жылып жүрүүчү "Верба" зениттик-ракеталык системаларынын жаңы партиясы жеткирилгенин белгиледи.
Андан тышкары, "Корнет" аттуу танктарга каршы ракеталык комплекси, АСВК-М жана "Корд" үлгүсүндөгү 12,7 миллиметр калибрдеги снайпердик мылтыктар, АК-12 автоматтарын, "Линза" сооттолгон санитардык автоунаалары алынганын кошумчалады. Бул техника Тажикстанда өткөн машыгуу учурунда Орусиянын аскерлери тарабынан сыноодон өткөн.
Булак: NazarNews.kg