www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова орусиялык жарандардын америкалык иммиграциялык визаларды алуудагы жаңы шарттарын “садизмге барабар шылдыңдоо” деп атады. "Америкалык дипломаттар көп жылдар бою Орусиядагы консулдук кызматтардын системасын талкалап келет. Алар XXI-кылымдагы көнүмүш болгон техникалык процедураны чыныгы тозокко айландырышты", - деп жазды тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Telegram баракчасына.

Орусиялыктарга америкалык виза алуу маселеси бир нече жыл мурун, орус бийлиги АКШнын дипломатиялык миссияларынын кызматкерлеринин санын кыскартууну жана өлкөдөн чыгарууну үзгүлтүксүз талап кыла баштаганда жаралган. Былтыр апрелде президент Владимир Путин орусиялык жарандарга америкалык консулдуктарда иштөөгө тыюу салган. Буга байланыштуу АКШ 182 орусиялык кызматкерди дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн бошотуп, 1-августтан тарта Москвадагы Америка элчилигинде “өтө аз адам иштей турганын”, ошондуктан консулдук кызмат “эч кандай арыздарды карап чыга албай турганын” билдирген.

2017-жылдын башынан тарта орусиялыктарга виза берүү катуу чектелди. Мурда Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Владивостоктон виза алууга мүмкүн болсо, кийин документтерди Москвада гана тапшырууга уруксат берилди. Бир күн мурун АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалык виза алууну каалаган орус жарандарына Варшавадагы консулдукка кайрылууну сунуштады.

Департамент орусиялыктарды "үй-жайсыздардын" категориясына киргизген. Бул статус Америка Кошмо Штаттарынын консулдуктары жок жана "саясат же коопсуздук тармагындагы абал татаал жана күтүүсүз" болгон өлкөлөрдүн жарандарына берилет. Мындай өлкөлөргө Орусиядан тышкары Сирия, Куба, Венесуэла жана Иран сыяктуу мамлекеттер кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости