www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк  жана орус аскерлери Сириянын Идлиб провинциясындагы согуштук аракеттерге катышты. Көтөрүлүшчүлөр Сирия президенти Башар Асаддын армиясына тарттырып жиберген аймакты кайтарып алууга аракеттеништи. Бул тууралуу чет элдик булактар жазып чыкты.

Түрк артиллериясынын колдоосунда оппозициялык күчтөр Найраб конушуна чабуул жасашты. Орусиянын Коргоо министрлиги түрк аскерлерине каршы орусиялык Су-24 учактары сокку урду. Билдирүүдө сириялык аскерлер бардык чабуулдардын мизин кайтарганы айтылат. Орусия Коргоо министрлиги Түркияны «террорчулардын» аракетин колдобоого чакырды.

Түркия Коргоо министрлиги Идлибдеги авиасоккудан Түркиянын эки аскер кызматкери каза болуп, бешөө жаракат алганын билдирди. Анкара аба чабуулу үчүн жоопкерчиликти сириялык өкмөттүк күчтөргө жүктөдү. Мындан кийин түрк армиясы Асаддын армиясына каршы артиллериялык сокку урган деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 19-февралда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Асаддын күчтөрү артка чегинбесе, Идлибдеги алардын мизин кайтарууну көздөгөн аскердик операция «бир түндө» башталышы мүмкүн экенин эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости