www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия-Украина чек арасындагы чыңалуу жумшара элек

Орусия-Украина чек арасында чыңалуу уланууда. Орусия чек арадагы аскердик машыгууларын, ал эми украин армиясы өлкөнүн ичиндеги мобилдүүлүгүн күчөтүүдө. Көптөгөн шаарлар менен айылдардын кириш-чыгыштары украин аскерлеринин көзөмөлүндө.

Украин аскери: "Биз көзөмөлдөгөн өткөрмө бекеттерде эмес, башка аймактарда маал-маалы менен кагылышуулар болуп жатат. Украин армиясы алардын баарына жүз пайыз жооп берүүгө даяр. Провокациялар болушу мүмкүн жана чагымчылдыктар сөзсүз түрдө болот. Бирок ким кол салса да, биздин армия анын мизин кайтарууга даяр!", - деди.

Украинанын көзөмөлүндөгү Чермалык айылындагы дарыянын каршы жээги орусиячыл жикчилдердин көзөмөлүндө. Айылда тирешүү болгону менен күнүмдүк жашоо уланууда.

Ошондой эле, Донецк жана Луганск шаарынын борборлору жана алардын айланасы жикчилдердин көзөмөлүндө жана бул аймактар өтө коптуу бойдон калууда.

"Украина бийлиги Донбасс шаарына жакын жерде 120 миң жоокерин жана аскердик техникасын жөнөттү", - деп жазат Туркиянын NRTHABER сайты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости