www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Джо Байден Киевге «орусиялык агрессия» коркунучун атайылап көбүртүп-жабыртып жаткан болушу мүмкүн деп шектенүүдө. Бул тууралуу Politico украин лидерине жакын булактарга таянып билдирди.

Булактын айтымында, америкалык лидер Вашингтондун Москва менен макулдашууга жетишүүсүн жеңилдетүү үчүн Орусия менен тил табышышы мүмкүн. Ошол эле учурда Байдендин администрациясы мындай сценарийди көптөн бери четке кагып келе, деп айтылат материалда.

«Зеленский Америка Кошмо Штаттары саясий мейкиндикке ээ болуу жана Кремль менен келишим түзүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин коркунучун атайылап көбүртүп-жабыртып жатат деп чочулап жатат», - дейт.

Эске салсак, буга чейин пресс-конференцияда Владимир Зеленский Батыштын Орусиянын ыктымал баскынчылыгынын айланасындагы кырдаалды курчутуп жатканынан улам өлкө экономикалык жоготууларга дуушар болуп жатканын айткан.

Ал Батышты «эртең согуш болот» деп жарыялаганы үчүн жемелеп, бул чындыкка дал келбейт жана мындай маалыматтык саясатты «бир аз салмактуу эмес» деп атады. Ошол эле учурда Зеленский Орусия менен мамиленин курчуп баратканын танбай турганын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости